Ссылки доступа

Ашхабад полициясы автоунааларды кайра боётуу үчүн арыз талап кылууда


Ашхабадда күңүрт түстөгү унааларды ак түскө боётуу үчүн автомобиль ээлери арыз жазууга милдеттендирилүүдө.

Декабрдын соңунда Ашхабадда автоинспекция кара түстөгү унааларды эскертүүсүз эвакуациялап, унаа токтотуучу жайларга алып кете баштаган. Күңүрт түстөгү унааларды жок кылуунун расмий себептери аталган эмес. Бирок мындай чаранын кесепетинен автоунааларды башка түскө боё кызматтарынын наркы өстү.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, унаанын ээсинин арызына жараша автомобилди боёшот. Бул арыз болбосо камакка алынган автоунаалар дагы берилбейт.

Автоунаа ээлеринин пикиринде, мындай жол менен бийлик жарандар унааларын өз эрки менен боётуп жатышат деген түр көрсөткүсү келүүдө.

XS
SM
MD
LG