Ссылки доступа

Казакстан: коррупцияга айыпталган мурдагы министр басымга кабылганын билдирди


Астанада сот мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевди суракка алууну улантууда. 37 жаштагы Куандык Бишимбаевди былтыр январда Коррупцияга каршы кызмат камакка алган.

Ал “министрликтен мурда “Байтерек” холдингин жетектеп турганда Кызыл-Ордо шаарындагы айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн миллиарддаган теңгени уурдаган жана коррупциялык схема түзгөн” деп айыпталууда.

Бишимбаев айыптоолорду четке кагып, тергөө маалында кысымга учураганын билдирди. “Мени камагандан кийин адвокат жок эле тергөө департаментинин директорунун бөлмөсүнө дайыма чакырып турушту. Муну далилдеп бере алам”, —деди Бишимбаев. Анын айтымында, тергөөчүлөр тагылып жаткан күнөөлөрдү моюнга алууну сунушташкан.

Кечээ коррупция жана мамлекеттик мүлктү уурдоо боюнча соттолуп жаткан Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев президент Нурсултан Назарбаевден жана элден “берилген ишенимди актай албаганы үчүн” кечирим сураган. Мурда Казакстанда сотто айыпталган аткаминерлер "элбашыдан" кечирим сурап, эркиндикке чыккан учурлар болгон.

XS
SM
MD
LG