Ссылки доступа

Душанбеде Орусияга көчүп кетүүнү каалаган адамдар тобу кууп таркатылды


Тажикстанда милиция кызматкерлери Орусия ИИМинин миграция маселелери боюнча Душанбедеги өкүлчүлүгүнүн алдындагы башаламандыктын алдын алышты.

Маалыматка караганда, 8-январь түнчүндө имараттын алдына Орусияга көчүп кетүү тууралуу арызын тапшырууну каалаган 2 жарым миңге жакын киши чогулган. «Абал көзөмөлдөн чыгып, биз милиция кызматкерлерин чакырууга аргасыз болдук», - деп билдирди 9-январда аталган мекеменин басма сөз катчысы Галина Александрова.

Милиция кызматкерлери агрессивдүү маанайдагы топ кишилерди кууп таркатты. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалыматтар жок. Орусия ИИМинин миграция маселелери боюнча Тажикстандагы өкүлчүлүгү жабылды. Имарат алдында милиция кызматкерлери нөөмөттө турушат.

Басма сөз катчынын айтымында, учурда каалоочулар Орусияга көчүп кетүү тууралуу арыздарын өкүлчүлүктүн веб-сайты аркылуу гана тапшыра алышат.

Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин ыктыярдуу түрдө Орусияга көчүп барышына көмөктөшүү боюнча мамлекеттик программага алгач орус тилдүү жарандар гана илинсе, кийинчерээк Орусиянын жумушчу күчү тартыш болгон алыскы аймактарын эмгек ресурстары менен камсыздоо максатында башка улуттун өкүлдөрүнө дагы мындай мүмкүнчүлүктөр бериле баштаган.

XS
SM
MD
LG