Ссылки доступа

Собчактын Питердеги штабына «Өлтүр. Же. Кайтала» деп жазылган кат таштап кетишти


Ксения Собчак
Ксения Собчак

Шейшембиде Ксения Собчактын Санкт-Петербургдагы штабынын кызматкерлери белгисиз адам «Өлтүр. Же. Кайтала» деп жазылган кат таштап кеткенден кийин полиция чакырышты.

Штабдын координатору Николай Артеменконун «Новая газетага» билдиришинче, кат Пелевин менен Кастанеданын китептери салынган баштыкта болгон. Айтымында, аны алып келген киши «Биз баарыңарды сыртка чыгарабыз» деп айтып, имараттын дубалына антисемисттик сөздөрдү жазып кеткенин кошумчалаган.

Полиция кызматкерлери бул окуяны штаб кызматкерлеринин өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч катары баалай албай тургандыктарын билдиришти.

Декабрдын соңунда Ксения Собчак Орусиядагы президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырган. Теле алып баруучу өзүн «бардыгына каршы» талапкер деп атап келет. Айрым ММКлар анын талапкер катары көрсөтүлүшүнө президенттик администрациянын тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн жазышкан. Бирок Собчак Кремль менен байланышы бар экендиги тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG