Ссылки доступа

Орусиянын 40тан ашык спортчусу арбитраждык сотко доо арыз менен кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Спорт иштери боюнча арбитраждык сот (CAS) Олимп оюндарына катышууга тыюу салуу чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн 42 орусиялык спортчунун кайрылуусу кабыл алынганын билдирди.

Швейцариядагы соттон доо арыздар 22-январда каралып, акыркы чечимди айдын соңунда кабыл алуу пландалып жатканын кабарлашты.

Эл аралык олимпиадалык комитет Орусия 2014-жылы Сочиде өткөн кышкы Олимп оюндарында кызытма программасын колдонгон деген чечим чыгарган.

Допинг колдонбогонун далилдеген орусиялык спортчулардын мелдештерге бейтарап желек менен катышуусуна уруксат берилген.

2018-жылкы кышкы Олимп оюндары Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 9-25-февраль күндөрү өтөт.

XS
SM
MD
LG