Ссылки доступа

Күндүн маанилүү сүрөттөрү жана видео баяндары


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Өзбек армиясы Самаркандда күчүн көрсөттү. (видео)

- Азия: калпак менен ханышага. Казакстандын президенти түз эфирде элине кайрылды. Кыргыз парламентинин депутаттары өлкөнүн бардык расмий адамдарын чет өлкөлөрдө калпак кийүүгө милдеттендирүүнү сунушташууда. Душанбе жана Томск шаарларында күч түзүмдөрү эмгек иммигранттарын кууп таркатышты. (Настоящее время)

- «Жогорку Кеңеште ак калпактан маанилүүрөөк иштер бар». Кыргыз парламентинин депутаттары ак калпакты өлкөнүн улуттук символдоруна теңөөнү сунушташты. (Директтен видео)​

- Сахарага кар жаады​. (Настоящее время)

- Жүздөнгөн долларга курал-жарак. Өз алдынча жасалган дрондор согуштун жүрүшүн кантип өзгөрттү? 2018-жылдын алгачкы күндөрү эле Орусиянын Сириядагы аскердик объектилерине бир канча жолу чабуул жасалганы белгилүү болду. Алардын бирине Орусиянын Коргоо министрлиги өз алдынча жасалган дрондорду пайдаланган согушкерлерди айыптады. (Директтен видео)

- Олимпиада маалында Түштүк Корея Түндүк Кореядан санкцияларды алышы мүмкүн. (видео)

- Лас-Вегас имиджин өзгөртүүдө. (Настоящее время)

- «Мында коом кыйла толеранттуураак»: өзбекстандык трансгендер Беларустан баш калка сурады. (Өзбекстандан видео)

- "Аяз ата Путинге каршы". Финляндиянын борбору Хельсинкиде анархисттер тарабынан уюштурулган Орусиянын жарандык демилгелеринин «Аяз ата Путинге каршы» фестивалы аяктады. Анда активисттер Орусиядагы саясий репрессиялар, чет элдик тыңчылар тууралуу мыйзамдын таасири, абактагы кыйноолор жана журналист Али Феруздин иши жөнүндө айтышты. (Директтен видео)

- Крымдыктар биометрикалык көзөмөлдөн өтпөйт. Крымдыктар Украинанын жарандары болуп эсептелишет, ошондуктан алар жаңы киргизилген биометрикалык көзөмөлдөн өтүшпөйт. Бул тууралуу Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. (Директтен видео)

- Сот Нездровскаянын өлүмүнө шектүү адамды камакка алды. Сот юрист Ирина Ноздровскаянын өлүмүнө шектүү адамды 60 күнгө камакта калтырды. (Настоящее время)

- Трамп өзүн кантип мактайт? АКШнын президенти Дональд Трамп жакында эле Майкл Вулфтун китебиндеги жазылган сындарга жооп берип, китептин авторун «иши ордунан чыкпаган адам» деп, өзүн «туруктуу олуя» деп атады. Трамп өзүн өзү мактоо жанрын мурда эле өздөштүргөн. Ал өзүн кантип мактайт? (Директттен видео)

- Түркмөнстан: Апта сүртүмдөрү. (сүрөт баян)

- Аптадагы Крымдын эң көрүнүктүү сүрөттөрү. (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG