Бул ыкмага ылайык, жалгыз уул жана аскерге жарабагандардан башка уландар ысымдарын кагазга жазып, аларды аралаштырып “лотерея” ойнотушат. Аттары биринчи чыккан 3-4 бала аскерге жөнөтүлөт.
Чорку – Исфорадагы эң ири жамааттардын бири, 29 мааледен турат. Алардын ар биринде эки миңден ашуун улан аскер курагында. Бирок жамаатта тажик куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөөнү самагандар аз. Өз ыктыяры менен жоокер болууну каалагандар жетишпей калганда, ар бир маалеге тизме түзүп, аскерге чакырылуучуларды топтоо тапшырмасы берилет.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга чейин биринчи кезекте кембагал үй-бүлөлөрдүн балдары аскерге жөнөтүлүп келген. Чучукулак ыкмасы мындай теңсиздикти жоюуга жардам берүүдө.
Тажикстанда 18 жаштан 27 жашка чейинки курактагылар армияда кызмат өтөйт.