Ссылки доступа

Польша президент Качинскийдин учагынын кыйрашына жарылуу себеп болгон деп эсептейт


Польшанын Коргоо министрлигинин комиссиясы 2010-жылы өлкө президенти Лех Качинскийдин өмүрүн алган Смоленсктеги Ту-154М учагынын кыйрашынын негизги себеби катары анын ичиндеги жарылууну атады. Бул тууралуу өлкөнүн коргонуу мекемесинин билдирүүсүндө айтылат.

Комиссия аба кырсыктарын иликтөө боюнча эксперт Фрэнк Тейлордун баяндамасына таянып, учактын сол канаты анын ичиндеги жарылуудан улам зыянга учураган деген тыянакка келди. Алгач анын канаты учак кулап келатканда бактарга тийгенде зыянга учураганы айтылган.

Польша буга чейин да Ту-154М учагынын бортунда жарылуу болгон деген версияны айтып келген, бирок Орусиянын Тергөө комитети аны негизсиз деп атаган.

2010-жылы 10-апрелде Польшанын Ту-154М учагынын Смоленскте кырсыкка учурашынан 96 киши өлгөн. Алардын арасында польша президенти Лех Качинский да болгон. Окуяны тергөө иштери дале уланууда. Польшанын тергөө комиссиясы учактын ичине мина коюлганын билдирген. Орусия бийлиги кырсыкка учкучтун катасы себеп болгонун айткан.

XS
SM
MD
LG