Ссылки доступа

Түркмөнстанда пахта жыйноо планын аткарбаган фермерлер сурак беришүүдө


Дашөгүз прокуратурасы пахта жыйноо боюнча планды аткарбаган жергиликтүү фермерлерди суракка чакырууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына аймактагы дыйкандар билдиришти.

Алардын айтымдарында, фермерлерди пахта жыйноо боюнча аткарылбай калган план үчүн акча төлөөгө мажбурлашууда. Мамлекетке «карыз болуп калгандардын» иши сотко жөнөтүлүп, анда дыйкандарды карызды тез арада төлөөгө милдеттендирген чечимдер чыгарылууда. Талап кылынган сумманы төлөй албагандардын мүлкү мамлекеттин пайдасына алынууда.

Фермерлер түшүм жыйноо планы мамлекеттин жер семирткичтерди жана техниканы өз маалында бербегендигине жана макулдашууда каралган иштерди аткарбагандыгына байланыштуу аткарылбай калганын билдиришүүдө. Алардын айтымдарында, сотто дыйкандардын бул жүйөлөрү таптакыр эске алынбай жатат.

"Алар фермерлерди түшүм тапшыруу маалында гана эстешет. Теле аркылуу бизди бардык нерселер менен камсыз кылып жаткандыктарын айтышат. Бирок чынында эч нерсе кылышпайт. Өзүбүз чыгымга учураганыбыз аз келгенсип эми мамлекетке дагы акча төлөшүбүз керек экен" - деди фермерлердин бири.

Күзүндө түркмөн бийлиги өлкөдө пахта терүү боюнча план ийгиликтүү аткарылып, 1 миллион 50 миң тонна ак була жыйналганын билдирген.

XS
SM
MD
LG