Ишенбек: Алты баламды кор кылбайм
Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылынын тургуну Ишенбек Акматов алты баласын өзү жалгыз багып жатат. Балдардын улуусу он экиде, кичүүсү үч жашта. Эркек кишиге балдарды багып, тарбиялоо түйшүгү оор экени анын жашоосунан көрүнүп турат. Бирок жалгыз бой ата баарына чыдап, алты чүрпөсүн татыктуу чоңойтууга бел байлаган.