Ссылки доступа

Ташкент облусунда мектеп окуучулары улуттук топу кийүүгө милдеттендирилди


Ташкент облусунун бир катар мектептеринде сабакка улуттук баш кийим –  топу менен келүү тапшырмасы берилди.

Аймактагы мугалимдердин билдиришинче, жергиликтүү аткаминерлердин сунушу менен кыздар сабакта салттуу “ирак” такыялары, балдар эркектердин “чуст” топулары менен отурушат.

Өзбекстан Элдик билим берүү министрлигинин ысымын атагысы келбеген кызматкеринин айтымында, президент Шавкат Мирзиёев “жаш муундар арасында маданиятты өнүктүрүү, арзан жана кымбат кийим ажырымын жоюу максатында” өлкөдө бирдиктүү мектеп формаларын киргизүүнү тапшырган. Буга байланышуу Ташкент облусунун айрым мектептериндеги окуучуларга топу кийгизүү тажрыйбасы колдонулууда.

Бирок ата-энелер бул демилгени колдошкон жок.

Бостанлык районунун тургуну Миржалол Отахоновдун айтымында, баласы билим алган мектепте директор улуттук топу сатып алуу үчүн ата-энелерден акча талап кылууда.

“Мектеп жетекчилиги акча чогултуп, окуучулардын баарына бирдей топу сатып алышарын айтты. Мен директордон министрликтин буйругун көрсөтүүнү талап кылдым, бирок ал көрсөткөн жок. Менимче, мындай документ такыр эле жок. Мындан тышкары директор сөзсүз түрдө галстук тагынуу зарыл экенин айтты. Анан дагы кыздар мектепке чачтарын эки өрүп келиши керек экен”, – деди ал.

Былтыр жайында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев мектеп формасын киргизүүнү жактай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG