Ссылки доступа

АКШ бозгундагы тажик полковнигинин өлүмү тууралуу маалыматты ырастабайт


АКШ мамлекеттик катчысынын Ооганстан жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Генри С. Эншер Тажикстандагы сапарында өлкөнүн өкмөт жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолукту.

АКШнын Тажикстандагы элчилигинен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бөлүндү.

Генри С. Эншер «Азаттыктын» тажик кызматына берген маегинде АКШ Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири, бозгундагы полковник Гулмурод Халимовдун өлүмү тууралуу маалыматты ырастай албай турганын билдирди.

«Орустар көп нерселер жөнүндө айтып жатышат. Азыр биз бул маалыматты ырастай албайбыз...», - деди ал.

Генри С. Эншер ошондой эле Ооганстандан келип жаткан коркунучту болушунча азайтуу үчүн АКШ Борбор Азия өлкөлөрү жана ооган бийлиги менен кызматташуусун улантып жатканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG