Ссылки доступа

Британ скульпторун Ислам Каримовдун эстелигин жасоодон баш тартууга үндөштү


Белгилүү британиялык скульптор Пол Дэй өз эмгегинин жанында

Өзбек саясий эмигранттары британиялык скульптор Пол Дэйге ачык кат жазышып, аны Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун эстелигин жасоодон баш тартууга чакырышты.

Каттын авторлору эгер Дэй бул чакырыкка көнбөсө, анын буга чейин алган эл аралык сыйлыктары тууралуу маселени козгой тургандыктарын билдиришти.

«Эгер Пол Дэй мурдагы өзбек диктаторуна эстелик жасаса, анда Каримов курмандыктарынын каны анын чыгармачылыгын биротоло булгайт» деген аталыштагы ачык кат OpenDemocracy жана «Борбор Азиядагы адам укуктары» ассоциациясы сайттарына жарыяланды.

Ислам Каримовду 2005-жылы Анжиянда элди атууга, пахта талааларында жарандардын, анын ичинде жашы жете элек балдардын арзан эмгегин пайдаланууга, саясий каршылаштарын камакка алууга жана кыйноого айыптаган каттын авторлору Пол Дэйге бериле турган акчаны «булганган акча» деп аташкан.

Өткөн жылы майда Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева атасынын Москванын борбордук скверине орнотула турган эстелигин британиялык скульптор Пол Дэй жасай тургандыгын билдирген. Айкел Ислам Каримовдун ысымы берилген Москвадагы гүлбакчага 2019-жылдын соңуна чейин орнотулушу керек. Бирок Москванын Якиманка районунун депутаттары эстеликтин шаардын борборуна тургузулушуна каршы болушууда.

XS
SM
MD
LG