Ссылки доступа

Албек Ибраимов: Күнүгө телевизордон чыккыдай диктор эмесмин


Албек Ибраимов
Албек Ибраимов

Бишкектин мэри Албек Ибраимов жергиликтүү депутаттардын “ТЭЦтеги авария убагында шаар башчы элге көрүнбөй койду” деген дооматтарына жооп кайтарды.

“Улам эле телевизорго чыккыдай мен диктор эмесмин” деген мэр авария маалында 2162 кабат үйдө жылуулук жетишсиз болгонун, бул шаар тургундарынын 85% түзөрүн билдирди.

Анын маалыматына караганда, “түнкүсүн -26га чейин түшүп кетип жаткан аба үйдүн ичинде температураны тиешелүү деңгээлде кармап турууга мүмкүнчүлүк берген жок”.

- 208 жерде электр өчтү, 108и өз учурунда кайра жарык менен камсыз болду. Эски тамдарда зымдар күйүп кетти, 2-3 жолу Ала-Арча суусу ташкындап, Ош базарында өрт чыкты. Мунун баарында мэриянын кызматкерлери жүрүштү. Кайсы депутатка шаар тургундарынан жазуу түрүндө канча кайрылуу келип түшсө, ошонун баарын алып чыккыла. Жөн эле “саясат эмес” деп коюп саясатка айландырып, “эл айтты, эл деди” деген туура эмес. Ар бир фактыга жооп берүүгө даярмын, - деди Ибраимов.

Шейшембиде Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы өтүп, анын күн тартибине катуу суук болгон күндөрү шаардыктар жылуулуксуз калгандыгы боюнча маселе киргизилген.

Айрым депутаттар шаар тургундары кыйналган кезде жергиликтүү аткаруу бийлиги эмне кылганы тууралуу маалыматы жок экенин, шаардыктар нааразы болуп жатышканын айтышты.

26-январда Бишкек ТЭЦинде авария болуп, жылуулук берүү дээрлик токтогон. Түнкүсүн абанын температурасы -30га чейин төмөндөгөн.

XS
SM
MD
LG