Өлкөнүн азыркы мыйзамында «диний сезимдерди кемсинтүү үчүн» административдик жана кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бирок атеисттер тууралуу эч нерсе айтылган эмес.
Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, «динге карата көз карашы боюнча динчил же динге ишенбеген адамдын сезимин кемсинтүү» үчүн 50 айлык эсептик көрсөткүч же 120 миң теңге (370 доллар) өлчөмүндө айыппул киргизилет. Юридикалык жактар үчүн айыппул өлчөмү 481 миң теңгени (1483 доллар) түзөт.
Мыйзам долбоору талкууланган жумушчу топтун 6-январдагы жыйынында министрликтин бул сунушун мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана депутаттар колдошту.