Ссылки доступа

Казакстанда кайрадан монархия орнотуу идеясы айтылууда


Казакстандык жаш акын Балтабек Нургалиев казак тилдүү бир катар басылмаларга берген маегинде «өлкөнү Назарбаевдердин династиясы гана башкарышы керектигин» билдирди. Ал Казакстанда монархия орнотуу идеясын айтып чыккан өлкөдөгү жалгыз адам эмес.

Жаш акын Казакстандын «Түбөлүк эл» болушун монархия гана кепилдей алат деп эсептейт. Ал бул демилгесин монархиялык системада тактын болочок мураскери жаш кезинен тарта саясий сүйлөшүүлөрдөн алыс болуп, өлкөдө туруктуулукту, коопсуздукту сактай ала тургандай тарбияланары менен түшүндүрүүдө.

Нургалиев — өлкөдө монархия орнотуу идеясын айтып чыккан алгачкы казакстандык эмес.

2006-жылы Рахат Алиев (ал кезде президенттин күйөө баласы болчу) «монархия гана коомго туруктуулукту кепилдей аларын» билдирген.

Саясат таануучу Досым Сатпаев бул демилгелер көптөгөн жылдардан бери бийлик алмашпай келген казак саясий системасынын жаратылышын көрсөтүүдө деп эсептейт. Анын пикиринде, бул монархиянын мүнөздүү белгиси катары саналат.

Укук коргоочу Амангелди Шорманбаев Конституция боюнча Казакстан президенттик башкаруу формасындагы мамлекет болуп эсептелерин белгиледи. Анын айтымында, монархия орнотуу үчүн өлкөнүн баш мыйзамын жоюу керек болот.

2015-жылы апрелде Нурсултан Назарбаев расмий маалыматтар боюнча добуштардын 97,7 пайызын алып, кезектеги президенттик мөөнөткө шайланган. 77 жаштагы Назарбаев Казакстанды 1989-жылдан бери башкарып келет.

XS
SM
MD
LG