Ссылки доступа

Тажик парламенти президентти шайлоо жөнүндө мыйзам түзөтүүлөрүн жактырды (видео)


Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы шаршембиде “Президенттик шайлоо тууралуу” мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдү жактырды. Документте преиденттикке талапкерлердин жаш курагын 35тен 30 жашка кыскартуу каралган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, учурдагы мамлекет башчы, Улут лидери Эмомали Рахмон президенттик жарышка чектөөсүз катыша алат. Буга кошумча президент менен парламент депутаты болуп 30 жашка толгон тажик жарандары шайлана алат.

2016-жылы 22-майда Тажикстанда Конституцияга толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөн. Кабыл алынган документ президент Эмомали Рахмонго чектөөсүз мөөнөткө шайланууга уруксат берсе, анын уулу Рустами Эмомали президенттике талапкер боло алат.

Тажикстанда президенттик шайлоо 2020-жылы өтөт.

Рустами Эмомали 31 жашта. Ал учурда Душанбе шаарынын мэри.

XS
SM
MD
LG