Ссылки доступа

Назарбаев менен Жээнбеков телефондо сүйлөштү


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 7-февралда Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков менен телефондо сүйлөштү. Бул тууралуу Акордонун расмий сайты жарыялады.

Президенттер эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы менен келечегин жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өз ара иш жүргүзүү багыттарын талкуулашты.

Мамлекет башчылар аймактык жана күн тартибиндеги эл аралык маселелер боюнча пикир алышты. Мындан тышкары алдыдагы жолугушуулар графиги боюнча сөз болду.

XS
SM
MD
LG