Ссылки доступа

Москвалык тергөөчүлөр Дагестанда ири тинтүүлөрдү жүргүзүүдө (видео)


Дагестанда ири масштабдагы тинтүүлөр өтүүдө. “Аймактагы бийлик түзүмдөрүн декриминалдаштыруу” чарасын Москвадан келген тергөөчүлөр башкарууда. Бул тууралуу Интерфакс билдирет.

Каржы, саламаттык сактоо жана билим министрлигинде, аны менен катар ИИМ менен сот аткаруучулар башкармалыгында документтер текшерилип жатат. Кылмыштуу элементтерден арылганга чейин Дагестандын жогорку кызматтагы чиновниктери чет өлкөгө чыкпоого тийиш.

2017-жылы күзүндө Дагестан башчысы кызматына Владимир Васильев дайындалган. Ал буга чейин Мамлекеттик Думада “Бирдиктүү Орусия” фракциясын башкарган. Жаңы кызматка киришкенде Васильев аймакта москвалык тергөөчүлөрдүн катышуусу менен текшерүү жүргүзүүгө убада берген. Атайын комиссия Дагестанга январдын соңунда келген.

5-февралда Дагестан өкмөтүнүн убактылуу башчысы Абдусамад Гамидов жана анын эки орун басары, республиканын мурдагы билим берүү министри кармалган. Алар бюджеттик каражатты уурдоого айыпталып, эки айга камалган.

Васильев чиновниктер кармалгандан кийин Дагестан өкмөтүнүн башчылыгына Татарстан экономика министри Артем Здуновду дайындоону сунуштаган. Дагестандыктар башка аймактын чиновнигин алып келүүгө каршы чыккан. Ага карабай, шаршембиде республиканын Жогорку жыйыны бул чечимди колдогон.

XS
SM
MD
LG