Ссылки доступа

Өзбекстанда ооруну жеңилдетчү дарылардын тартыштыгы жаралды


Анжиян облусунда психотроптук дары-дармектердин тартыштыгы жаралды. Дарыкана кызматкерлери буга дары импортунун кескин кыскаргандыгы себеп болгонун айтышууда.

Облус жашоочулары акыркы бир нече күндөн бери өнөкөт оорусу барлар үчүн зарыл болгон ооруну жеңилдетчү наркотикалык дарыларды табуу мүмкүн болбой жатканына даттанышууда.

Бул маалыматты жергиликтүү дарыкананын өкүлдөрү дагы ырасташты.

"Бизде чынында эле аталган дарыларды жеткирүү үзгүлтүккө учурады. Анткени буга чейин аларды доллардын мурдагы мамлекеттик курсу боюнча, тагыраагы 4200 сумдан сатып алчубуз. Конвертация ачылагандан кийин дарылар үчүн бажы төлөмдөрү азыркы курс боюнча алынып, баасы 8 миң сумду түзүүдө. Азыр биз дары-дармек жеткирүү менен алектенген «Uzmedimpex» компаниясына жүз миллиондогон сум карыз болуп калдык. Анткени биз дарынын баасын өз алдынча өзгөртө албайбыз. Ошондуктан айрым дарылар учурда аз көлөмдө келип жатат", ​– деди дарыкана өкүлү.

Өткөн жылы өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 80ден ашык ишкананы бириктирген мамлекеттик «Узмедэкспорт» акционердик концернин жоюу тууралуу жарлыкка кол койгон. Анын аталышы «Uzmedimpex» деп өзгөртүлүп, ага өлкөнү импорттук дары-дармек менен камсыздоо милдети жүктөлгөн.

XS
SM
MD
LG