Ссылки доступа

Анжиян: жергиликтүү бийлик Мирзиёевдин сапарына даярдануу үчүн ишкерлерден акча алууда


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Анжиян облусуна болчу сапарына даярдык көрүүнүн алкагында 77 чакырымды түзгөн Анжиян – Ханабад жолунун жээги көрктөндүрүлүп, жашылдандырылууда.

Бул ишке тартылган Анжиян облусундагы ишкерлердин биринин айтымында, мамлекет башчынын сапарына даярдык көрүү иштери үчүн ал 500 доллар берген.

Дагы бир анжияндык ишкер бийлик жергиликтүү бизнесмендерди Мирзиеёвдин сапарына даярдык көрүү иштерин каржылоого мажбурлаганын билдирди.

«Бул – акимчиликтин тапшырмасы. Президент өтө турган жолдун жээги көрктөндүрүлүп, жашылдандырылууда. Биздин фирма чоң болгондуктан, 1 миң долларга жакын акча короттук. Жергиликтүү бийлик бизге үйлөрдүн чатырларынын көчө тараптагы бөлүктөрүн кызыл түскө боёну тапшырды. Ишкерлердин эч кимиси баш тарта алган жок, анткени бийликтен коркушат, эртеңки күнү көйгөйлөр болушу мүмкүн», – деди ал.

Бирок Анжиян облустук акимчилигинин кызматкери жергиликтүү ишкерлердин айткандарын четке кагып, президенттин сапарына даярдык көрүү иштерине алар өз каалоолору менен катышып жаткандыктарын билдирди.

XS
SM
MD
LG