Ссылки доступа

Өзбекстан менен Казакстан дипломдорду таануу механизмдерин жөнөкөйлөтөт


Өзбекстандын жогорку окуу жайлары Казакстандын университеттери менен биргеликте учурдун талабына жооп берген адистерди окутуп чыгарууга даяр. Бул тууралуу Өзбекстандын билим берүү министри Ином Мажидов казак элчиси Ерик Утембаев менен жолуккан маалда билдирди.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, кызматташуунун алкагында тараптар суроо-талапка ээ болгон нефтехимиялык жана агро өнөр жай тармактары үчүн кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурушат. Жаштарды окутуу менен катар профессордук-окутуучулук курамдын өз ара байланышы кеңейтилет. Андан тышкары Казакстандагы окуу жайлардын биринин базасында технопарк түзүлүп, өз ара дипломдорду таануу механизмдери жөнөкөйлөштүрүлөт.

«Дипломдорду таануунун стандарттуу жол-жоболору бар. Биз ал процедуралык маселелерди жөнөкөйлөтүү жолундабыз. Менимче, дипломдорду таануу же аларды таануу жол-жоболору Казакстанда же Өзбекстанда билим алган жаштардын жумушка орношуусунда маселе жаратпайт», – деп билдирди Ином Мажидов.

Учурда эки өлкөнүн 20га жакын илимий мекемелери кызматташуу тууралуу макулдашууларга кол коюшту. Жакынкы убактарда өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары тууралуу маалыматтык борбор ачуу пландалууда.

XS
SM
MD
LG