Ссылки доступа

Жээнбеков: АКСтин ар бир кызматкеринин иши талдоого алынат (видео)


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 8-февраль, 2018-жыл
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 8-февраль, 2018-жыл

Коррупцияга каршы кызматтын (АКС) иши кайра каралып чыгат жана анын ар бир кызматкеринин иши талданат. Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Президент АКС бийликтин жогорку эшелонундагы жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөш үчүн түзүлгөнүн, бирок, тилекке каршы, анын айрым кызматкерлери өзүнчө бир "кол тийбес кастага" айланып калышканын айтты.

“Бул жашыруун эмес, эл муну көрүп турат. Мындай кызматкерлер бүтүндөй АКСтин аброюна терс таасирин тийгизүүдө. 2017-жылы АКС кызматтык кылмыштарга каршы күрөш багытында болгону 22 пара алуу фактысын аныктаган. Бул орто эсеп менен бир айда 1,5 факты табылган дегенди билдирет” деди Жээнбеков.

Ошону менен катар президент АКС эки жылда 485 кылмыш ишин козгогонун, анын 118 гана сотко өткөрүлгөнүн, 37 гана иш боюнча айыптоо өкүмү чыгарылганын белгиледи.

“Жогорудагы 485 кылмыш ишинин 154 кыскартылган жана токтотулган” деп кошумчалады мамлекет башчы.

Кеңештин кечээки жыйынында сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралган.

XS
SM
MD
LG