Ссылки доступа

Собчак Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишкендиги үчүн кечирим сурады


Ксения Собчак
Ксения Собчак

8-февралда президенттикке талапкер Ксения Собчак Орусиянын Кошмо Штаттардагы шайлоого ыктымал кийлигишкендиги үчүн АКШдан кечирим сурады.

Ал CNN телеканалынын эфиринде орусиялык хакерлер чынында эле шайлоого таасир эткен болсо, анда ал «өтө өкүнүчтүү» экенин айтты. Собчак ошондой эле Орусияны изоляция кылбоого, ошол эле маалда анын эл аралык жараяндарга көбүрөөк катышуусуна мүмкүндүк берүүгө үндөдү.

Орусияда президенттик шайлоо 18-мартка белгиленген. Собчак ага «Жарандык демилге» партиясынын атынан катышууда. ММКлар аны бир канча жолу президенттик администрация менен байланышы бар деп айыпташкан. Бирок теле алып баруучу талапкер болуусуна Кремлдин тиешеси бардыгын четке кагып, өзүн «Баарына каршы» талапкер деп атап келет.

Собчактан тышкары шайлоого Сергей Бабурин («Орусиянын жалпы элдик биримдиги»), Павел Грудинин (Орусиянын Коммунисттер партиясы), Владимир Жириновский (Орусиянын либерал-демократиялык партиясы), Владимир Путин (өзүн өзү көрсөткөн), Максим Сурайкин («Орусиянын коммунисттери»), Борис Титов («Өнүгүү партиясы») жана Григорий Явлинский («Яблоко») катышат. Оппозициячы Алексей Навальный Кировлес иши боюнча соттуулугу бар болгондуктан, президенттик жарышка катыштырылган жок.

XS
SM
MD
LG