Ссылки доступа

Тажикстанда маңзат аткезчилери тууралуу маалымат берген киши дискриминацияга кабылды


Пенжикент районунун 47 жаштагы тургуну Муртазо Зубайдов 22-фералда жашыруун түрдө тиешелүү органдарга эки маңзат аткезчи тууралуу маалымат берген. Анын негизинде төрт киши кармалган. Маалымат берүү учурунда ал ысымынын жашыруун боюнча калуусун өтүнгөн. Бирок бир нече айдан кийин баштапкы тергөө учурунда анын аты аталып, бул тууралуу шектүүлөр кабардар болушкан.

Пенжикент районунун жашоочусу маңзат аткезчилиги боюнча кылмыш ишинде күбө катары өткөнү үчүн айылдаштарынан обочолонуп калдым, деп даттанууда.

«Мындан кийин менин жашоом тозокко айланды. Атымды атабайбыз деп убада беришкен. Бирок иш сотко өтүп, судья шектүүлөргө күнөө тагып жатканда менин ысымым аталды. Эми айылда мени баары саткын катары көрүп жатышат. Эч ким мени менен сүйлөшпөй калды. Мени “сатып” кеткен кызматкер жазалансын деп арыз жазгам, бирок эч ким жоопко тартылган жок. Мен жарандык милдетимди аткардым, өзүм болсо эми чоң көйгөйгө кабылдым», - деди Зубайдов.

Анын айтымында, айылда кимдир бирөө укук коргоо органдары тарабынан кармалса, баары эми бул үчүн андан шекшинишүүдө.

Фороб кыштагынын жашоочуларынын бири кармалгандардын ичинен экөө бейкүнөө экенин айтты. «Мыйзам бар экенин түшүнүп турабыз, мамлекетке жардам бериш керек. Бирок туура эмес маалыматтын негизинде кишилерди камай башташса, “тыңчыларга” карата башкача пикир жаралат экен», - деди ал.

Муртазо Зубайдова Душанбеге келип, башкы прокурорго жана президент аппаратына арыз жазды.

XS
SM
MD
LG