Ссылки доступа

Орусияда маршрутканы жардырууну көздөгөн алты тажикстандык соттолду (видео)


Москва округдук аскердик соту 2016-жылы августта Подмосковьеде маршрутканы жардырууга аракет кылган алты тажик жаранын 12 жылдан 18 жылга чейин эрктеринен ажыратты.

Маалыматка караганда, алар «Ислам мамлекети» тобунун жактоочулары болгон жана уюмга кирүү үчүн аларга теракт жасоо тапшырмасы берилген.

Тергөөнүн маалыматтарына ылайык, тапшырма алгандан кийин тажик жарандары Подмоскоьедеги Люберцы шаарындагы маршрутканы жардырууну көздөп, анын ичине жардыруучу зат салынган чаканы таштап кетишкен. Бирок жүргүнчүлөр аны байкап калышып, жарылуу болгон эмес.

Тажикстандын жарандары теракт жасоо аракетинен тышкары мыйзамсыз жарылуучу зат сатып алуу жана сактоо беренеси боюнча айыпталышты. Соттон алардын төртөөсү күнөөлөрүн толугу менен, экөөсү жарым-жартылай моюндарына алгандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG