Ссылки доступа

Түркмөнстанда быйыл 3 миллион бак отургузулат


Өлкө бийлиги быйыл 3 миллион көчөт отургузууну пландап жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

9-февралда өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңы көчөттөрдү, анын ичинде түшүм берчү бактарды отургузуу өнөктүгүн баштоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Учурда жазгы жашылдандыруу иштери үчүн Ашхабаддагы жана Балкан облусундагы мамлекеттик кызматкерлерден акча чогултула баштаганы кабарланууда.

Ошол эле маалда көчөт отургузуу жана аларды кароо менен алектенген айрым ишканалардын кызматкерлерине өз эсебинен өргүүгө чыгуу жазма буйругу берилди. Анда токой чарба кызматкерлери жылына он күндөн үч жолу өз эсебинен өргүүгө чыкса болору жазылган.

XS
SM
MD
LG