Ссылки доступа

AI: Казакстанда сөз эркиндиги дале чектелген


2017-жылы Казакстанда көз карандысыз кесиптик кошуундар кысымга учурап, жарандык активисттер жана бийликти сындаган журналисттер куугунтукка алынган. Бул тууралуу эл аралык Amnesty International (AI) укук коргоо уюмунун дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча жарыяланган баяндамасында айтылат.

Уюмдун изилдөөчүсү Хеза Макгилл 22-февралда Алматыда өткөн басма сөз жыйынында бийликтин мындай аракеттерине укук коргоочулар тынчсызданып жатканын билдирди. Ал өлкөдө көз карандысыз кесиптик кошуундардын ишин чектей турган мыйзамдар кабыл алынганын баса белгиледи.

Уюмдун баяндамасында жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талган Аяндын ысымдары аталган. Алардын ар бири «жер маселеси боюнча» өткөн митингге катышкандыгы үчүн 2016-жылы беш жылдан эрктеринен ажыратылган.

Макгилл Бокаев менен Аян өз пикирлерин эркин билдиргени үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган деп эсептейт.

Баяндамада өлкөдө «Экстремизмге каршы күрөшүү тууралуу» мыйзамды пайдалануу менен диний азчылык өкүлдөрүн куугунтуктоо дагы көбөйгөнү белгиленген.

XS
SM
MD
LG