Ссылки доступа

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору камалды (видео)


Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров
Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров

22-февралда Ташкентте Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров камакка алынды. «Азаттыктын» өзбек кызматынын булактары билдиришкендей, он күн мурун анын 42 жаштагы уулу Алишер Кадыров өлкөдөн чыгып кеткен.

22-февралда Көзөмөл органынын кызматкерлеринин бири мурдагы баш прокурор мекеменин башкы имаратында суракка алынып жатканын билдирген. Анын айтымында, Кадыров менен бирге прокуратуранын мурдагы жогорку кызматтагы эки кызматкери дагы кармалган.

Маалыматка караганда, Кадыров «мамлекеттик мүлктү ээлеп алган» жана «чет өлкөлүк банктар аркылуу акчанын изин жашырган» деп айыпталууда. Ага карата камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленген.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жыл башкарган Рашид Кадыров кызматтан 2015-жылы апрелде алынган.

Президент Шавкат Мирзиёев былтыр августта видеоселектордук жыйын маалында өлкөнүн прокуратурасын сынга алып, мекеменин кызматкерлерин «эң башкы уурулар» деп атаган. Атын атабаганы менен бул үчүн ал жоопкерчиликти Рашид Кадыровго жүктөгөн.

Президент Мирзияев назвал узбекских прокуроров «самыми большими ворами»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00
XS
SM
MD
LG