Окуя 21-февралда Ленин проспектисинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, 49 жаштагы айдоочу менен жүргүнчү ортосунда чыр чыгып, мушташка айланган. Айдоочуну өлтүрүп, кол салган киши качып кеткен. Жабырлануучу 22-февралда ооруканада каза тапкан.
Бул боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөчүлөр шектүүнү издеп жатат.