Резолюциянын долбоорун буга чейин ТИМ министри Сергей Лавров сындаган. Дипломат элдешүү режими Москва террордук деп эсептеген топторго тиешелүү болбошу керек деп эсептейт.
Алардын арасында Сирия президенти Башар Асад бийлигине каршы чыккан Чыгыш Гутадагы козголоңчулар да бар. Дал ушул анклавдагы бомбалоодон кийин БУУнун Коопсуздук Кеңеши жыйынга чогулган. Сирия оппозициясы жана гуманитардык уюмдар аскердик операциядан аймакта карапайым тургундар көбүрөөк жапа чегип жатканын билдиришүүдө.
АКШ Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерт Чыгыш Гутадагы кан төгүү үчүн жоопкерчиликти Москвага жүктөдү. Батыш өлкөлөрү Чыныш Гута “экинчи Алеппо” болбосо экен деп кооптонушууда.