Ссылки доступа

Тажикстан түштүгүндө арак-шарап чыгарган үч ишкана айыппулга жыгылды


Хатлон облусунда үч арак-шарап ишканасы техникалык регламентти бузганы үчүн айыппулга жыгылды. Алардын бирине алкоголдук продукцияларды эки жылга өндүрүүгө тыюу салынып, лицензиясынан ажыратылды.

Жергиликтүү бийлик кабарлагандай, «Тажикстан», «Кухсори Хатлон», «Хуррамзамин» жана «Форсиён» арак чыгарууда алкоголдун курамын азайтып, ичимдик куюла турган идиштердин стандартын сакташкан эмес.

«Тажикстандарттын» Хатлон облусу боюнча өкүлү Шодимат Раджабов билдиргендей, ишканалар убактылуу жабылды. Алардын ичинен экөө айыппулдарды төлөгөндөн кийин гана иштерин жандантат.

«Кухсори Хатлон» ААКнын директору Раджабали Одинаев ишканасы 15 миң сомони (1,6 миң АКШ доллары) айыппулга жыгылганын тастыктады. Завод арак чыгаруу тартиптерин одоно бузганы үчүн эки жылга лицензиясынан ажыратылды.

XS
SM
MD
LG