Ссылки доступа

Сирия армиясы БУУнун жарашуу резолюциясын сактаган жок


Сирия авиациясы өткөн суткада козголоңчулардын көзөмөлүндөгү Чыгыш Гутага сокку урууну улантты. Бул тууралуу Адам укугуна байкоо салган сириялык борбор жана AFP агенттиги билдирди.

Байкоочулардын эсеби боюнча авиасокку жана ок атуулардан бир жума ичинде Гутада кеминде 519 киши мерт болду. Алардын ичинен балдардын саны жүзгө жакын экени айтылууда. Гутанын четинде өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулардын кагылышуусу күч алды.

Ишембиде БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сирияда бир айга гуманитардык элдешүү орнотуу боюнча резолюцияны бир добуштан колдогон. Мунун аркасы менен анклавга гуманитардык жардам жеткирип, жарадар болгондорду эвакуациялаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ок атышууну токтотуу режими "Аль-Каида" менен "Ислам мамлекети" экстермисттик топторуна тиешелүү эмес. Орусия элдешүү жараяны алар менен байланышы бар башка топторго дагы жайылбашы керектигин белгилеген. Бирок бул сунуш карама-каршылыктарды жараткан. Себеби Сирия өкмөтү Батыштын колдоосуна ээ козголоңчуларды дагы террорчулар деп эсептейт.

Чыгыш Гута – баш калаа Дамаскка жакын жайгашкан козголоңчулардын колундагы анклав. Улуттар Уюмунун эсебинде, 2013-жылдан бери Сириянын өкмөтүк күчтөрүнүн курчоосунда турган бул аймакта 400 миңдей киши жашайт.

XS
SM
MD
LG