Ссылки доступа

Путин Чыгыш Гутада гуманитардык тыныгуунун сакталышын камсыздоону буюрду


Чыгыш Гутадагы балдар, 25-февраль, 2018-жыл
Чыгыш Гутадагы балдар, 25-февраль, 2018-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгуга Чыгыш Гутадагы гуманитардык тыныгуунун сакталышын камсыздоону тапшырды. Күн сайын саат 9дан 14кө чейин калкка жардам көрсөтүп, жаракат алгандарды чыгарып кетүү үчүн анда согуштук аракеттер токтошу керек.

24-февралда БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы кармашты бир айга токтотуу тууралуу резолюцияны бир добуштан колдогон. Кечээ уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш Сирияда кармашып жаткан тараптарды Коопсуздук кеңешинин ок атышууну 30 күнгө токтотуу чечимин дароо аткарууга чакырган.

Гутерриш БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин Женевадагы жыйынында уюмдун гуманитардык мекемелери Чыгыш Гутадагы жарадарларга жардам берип, аларды эвакуациялоого даяр экенин билдирди. «Өзгөчө Чыгыш Гута күтө албайт. Бул - жер жүзүндөгү тозокту токтотуунун учуру», - деди ал.

Адам укуктарынын сакталышына көз салган Сириянын мониторинг борбору 26-февралдагы аба соккуларынан тогуз жай тургун каза тапканын билдирди. Күн мурун укук коргоочулар анда жарандарга каршы хлор заты колдонулганын айтышкан. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Чыгыш Гутадагы абал тынчсызданууну жаратып, «террористтер» жергиликтүү тургундарды «тирүү калкан» катары колдонуп жаткандыктарын билдирди.

XS
SM
MD
LG