Ссылки доступа

Түркия Чехиядан сириялык күрттөрдүн лидерин өткөрүп берүүнү өтүндү


 Салих Муслим
Салих Муслим

Түркия Сириядагы күрттөрдүн лидери Салих Муслимди өткөрүп берүүнү өтүнүп, Чехияга расмий кайрылды. Бул тууралуу түрк премьер-министринин орун басары Бекир Боздаг билдирди.

Анын айтымында, Сириядагы күрттөрдүн “Демократиялык союз партиясынын” мурдагы төрагасы Салих Муслимдин иши 26-февралда Прага сотунда каралат.

Ал 24-февралда Анкаранын өтүнүчү менен Прагада кармалган. «Демократиялык союз партиясы» Түркияны «өз жараны болбогон адамды юридикалык негизи жок карматты» деп айыптап чыкты.

Түркия террорчул топ деп эсептеген бул партия Сириянын түндүгүндөгү күрттөрдүн башкы саясий уюму катары мүнөздөлөт. Муслим былтыр партиянын төрагалыгынан кетсе да Сириядагы күрттөрдүн арасында таасирин жоготкон эмес.

Анкара Салих Муслимди «өлкөнүн биримдигин бузду» деп айыптап, аны өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Анкара «Демократиялык союз партиясын» Түркия менен Европа биримдигинде террордук деп табылган Күрдистан жумушчу партиясынын бир бөлүгү деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG