Ссылки доступа

Азия: өзбек мечиттеринен бийликтин кураторлору кетүүдө (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө

- Азия: өзбек мечиттеринен бийликтин кураторлору кетүүдө. Өзбекстанда Дин иштери боюнча комитет башчысынын орун басары жумуштан алынды. Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын апалары жашоо минимумунан аз суммага жашап жатышат. Самара–Шымкент унаа жолунда кайрадан өзбекстандык мигранттар бараткан автобус кырсыкка учурады. Активист компьютерлерди чогултуп, аларды балдарга таркатып берүүдө. (видео)

- Пхёнчхандагы Олимпиаданын жабылышы. (сүрөт баян)

- Атайын репортаж. Олимпиадалык резервди кантип даярдашат? (Кыргызстандан видео)

- Душанбеде үч деңгээлдүү экинчи эстакаданын курулушу башталды. (видео)

- Активист өзү компьютерлерди чогултуп, аны балдарга бекер берет. Алматынын Равиль Насифулин аттуу тургуну жумуштан кийинки бош убактысында компьютердин бөлүктөрү сатылган жерлерди кыдырып, балдарга бекер таратуу үчүн алардан толук кандуу компьютер курайт. (Настоящее время)

- Депутат Дамирбек Асылбек уулунун атасы: Ал Казакстанда төрөлгөн эмес, мен анда жашаган эмесмин. Казакстанда аткезчилик боюнча айыпталып кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун улуту кыргыз жана ал Караколдо туулуп-өскөн. Бул тууралуу депутаттын атасы Асылбек Супатаев “Азаттыктын” кабарчысына айтып берди. (Кыргызстандан видео)

- Ок атууну токтотуунун ордуна «гуманитардык тыныгуу»: Чыгыш Гутада эмне болууда? (Настоящее время)

- Белгисиз Орусия. Ольхон: чоочундарды жактырбаган арал. Байкалдагы Ольхон аралы «материктен» бир жарым чакырым кысык менен бөлүнүп турат. (видео)

- Андан дагы маанилүүрөөк жаңылыктар бар: Орусиянын мамлекеттик телеканалдары Немцовду эскерүү жүрүштөрүн «байкаган жок». (Настоящее время)

- Собчактын Путин тууралуу арызы кайрадан четке кагылды. (Директтен видео)

- Украинадагы «өлүм жазасына тартылгандардын» байыркы тергөө абагы кандай көрүнүштө? (сүрөт баян)

- Чоңдугу боюнча Латвиядагы үчүнчү банк акчанын изин жашырган деп айыпталууда. (Директтен видео)

- Орусиянын Аргентинадагы элчилигинде табылган 389 килограмм кокаин иши: бардык версиялар​. (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.​

XS
SM
MD
LG