Ссылки доступа

Прокуратура "Ахмадбайдан" жабыр тарткан кишилердин тизмесин түзүүдө


Ахмад Турсунбаев

Эл арасында “Ахмадбай” аты менен таанымал ишкер Ахмад Турсунбаевге сот өкүмү чыккандан тарта прокуратура кызматкерлери андан жабыр тарткан кишилердин тизмесин түзүп, алардын ар биринин көрсөтмөсүн ала баштады.

21-февралда Ташкентте атайын штабдар ачылды. Анда ондогон тергөөчүлөр иштеп жатат. Биринчи күнү ал жакка кеминде үч миң киши келген. Тергөөчүлөр каржы пирамидасынын негиздөөчүсүнөн жабыр таркандар менен маектешип, алардын арыздарын каттап жатат.

“Бүгүн дагы көп киши болду. Расмий жарыя берилбегенине карабай, адамдар штаб тууралуу тааныштарынын угуп келишүүдө”, – деди штаб өкүлү.

Прокуратура начала составлять список пострадавших вкладчиков «Ахмадбая»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:22 0:00

Расмий маалыматтар боюнча ишкердин 12,5 млн. долларлык мал-мүлкү камакка алынган. Ахмад Турсунбаевге берген акчаларын кайтарып ала албай калган жарандарга сотко кайрылуу кеңеши берилген.

Өзбекстандын Жогорку сотунун өкүлү “Ахмадбайга” акчасын алдаткан кишилердин иши боюнча прокуратура тергөө жүргүзүп жатканын билдирди.

– Тергөө аяктагандан кийин сот чечим чыгарат. Чыгымдарды кайтаруу маселеси кылмыш ишинин жыйынтыгынан көз каранды. Аманатчылар алгач тергөө органдарына арыз менен кайрылышы керек. Бул жараян башталды жана анын аягына чыгышы соттон эмес, тергөөдөн көз каранды, – деди ал.

21-февралда Ташкент облустук соту Ахмад Турсунбаевди 13 жылга эркинен ажыраткан. Мунапыс боюнча жаза мөөнөтүнүн төрттөн бир бөлүгү кыскарган. Мындан тышкары ага бир жыл ишкерлик менен алектенүүгө тыюу салынып, 52 млн. 96 миң сум (6300 доллар) айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

XS
SM
MD
LG