Ссылки доступа

Түркмөнстандын аймактарында ун тартыш болууда


«Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булагы кабарлагандай, Дашөгүз облусундагы дүкөндөр үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө 5 килограммдан гана ун сатып жатышат. Ошол эле маалда үйдөгү балдар эске алынбай калууда.

Учурда аймакта 2008-жылы алынып келинген ун сатылып жатканы айтылууда. Жергиликтүү тургундар ал эскирип, жагымсыз жыттанып кеткенин билдиришүүдө.

Маалыматка караганда, ун алуу үчүн кеминде беш мекемеден документтер топтомун чогултуп, 15-20 күн кезек күтүү керек болот.

Өлкөнүн Мары облусунда дагы ун тартыштыгы жаралып, ар бир үй-бүлөгө бир каптан сатылууда. Кезек күткөндөр көп болгондуктан, көбү үйүндөгү ун түгөнө электе эле кошумча алып коюуга өтүшкөн.

Түркмөнстан жарандары жергиликтүү өндүрүштөгү ун тартыштыгына өткөн жылы декабрда туш болушкан. Бирок өлкө бийлиги менен мамлекеттик ММКлар бул тууралуу эч кандай маалымат бербей келишет.

XS
SM
MD
LG