Ссылки доступа

Депутаттын кармалышы тууралуу казак телеканалы видео таратты (видео)


Казакстандын КТК телеканалы аткезчиликке шектелип кармалгандар тууралуу сюжет көрсөттү. Анда кабарчылар кармалгандардын арасындагы Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулун «Кытайдан Казакстан жана Орусияга аткезчилик жол менен товар ташыган эл аралык топтун башчысы» деп аташкан.

Сюжетте кыргыз саясатчысы Алматыдагы ресторанда Бишкектен барган досу, ишкер Уланбек Мурадилов менен отурган маалда кармалганы айтылат. Алар менен бирге казакстандык чек арачы Емилбек Кочкарбаев дагы болгон.

«Жашыруун камерадагы сөздөрүнө караганда, алар кытайлык товарларды Казакстанга кантип аткезчилик жол менен киргизүү керектигин жакшы билишет, муну менен көптөн бери алектенип келишкен жана жогорку кызматтагы аткаминерлер менен көп байлык топтошкон», - деп билдирди кабарчы.

КТКнын маалыматына ылайык, кылмыштуу топтун башчыларынын көзөмөл-өткөрмө бекеттерде өз кишилери болгон. Алар аркылуу өлкөгө товар алып кирген ишкерлерден акча алып турушкан. Акча берүүдөн баш тарткандардын товары өткөрүлбөй, чек арада жоголуп кетип турган.

«Кылмыштуу жол менен табылган акчага чоң-чоң үйлөр курулуп, унаалар сатылып алынган. Кимдир бирөө асыл тукум жылкылары менен аткана сатып алган. Бирок баарынан да кыргыз парламентарийи Дамирбек Асылбек уулу жакшы жашачу. Иштин материалдарына ылайык, ал бажычылардан, чек арачылардан, арачылардан жана эки өлкөнүн жумушсуз адамдарынан турган аткезчилик түзүмдү толук жетектеп келген», - деп билдирди телеканал.

«Асылбек уулуна кош жарандуулуктун эмнеге керек болгонун учурда тергөөчүлөр аныктап жатышат. Колго түшүрүү маалында анын жанынан белги коюлган 92 миң доллар табылган. Бул акчаны ал аткезчилик товарды киргизип бергендиги үчүн ишкерлердин биринен алган. УКК эл аралык топту дал ошол ишкердин жардамы менен колго түшүргөн», - деп айтылат сюжетте.

15-16-февраль күндөрү атайын операция маалында Казакстанга аткезчилик менен товар алып кирген 29 киши кармалган. Анда Кыргызстандын үч жараны, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу болгон. Кийинчерээк Казакстан ТИМи депутаттын казак жарандыгы дагы бар экенин билдирди. Жергиликтүү ММКлар болсо, өлкөнүн ИИМине шилтеме кылуу менен депутаттын улуту казак экенин жазып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG