Ссылки доступа

Министр: казак тилинин макамын жогорулатууда аша чабуулар болбойт


Казакстандын маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев 27-февралда журналисттерге өкмөт жана парламент жыйындарын казак тилинде өткөрүү жараянында “аша чабуулар” болбой турганын айтты.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 26-февралда өлкөнүн маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев менен жолугуп, ага казак тилинин макамын жогорулатуу боюнча иштерди улантуу тапшырмасын берген. Анын эртеси өкмөт жыйыны өтүп, министрлердин көбү баяндамаларын казак тилинде жасашкан.

Казакстан мыйзамдары боюнча казак тили мамлекеттик макамга ээ. Мамлекеттик уюмдарда жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында казак тили менен бир деңгээлде орус тили дагы колдонулат.

«Президент [Назарбаев] казак жана орус тилин кемсинтпешибиз керек деп дайыма айтат. Бул маселе жер-жердерде акырындык менен кысыма алынбай, аша чаппай ишке ашат», — деди министр.

Даурен Абаевдин айтымында, өкмөттө орус тилин колдонууга тыюу салынбайт.

«Биз өкмөт жана парламентте мамлекеттик тилде сүйлөй баштоого тийишпиз. Бирок “тек” деген сөз айтылган жок. Эгер өкмөт мүчөсү үчүн оюн орус тилинде жеткирүү ыңгайлуу болсо, аны эч ким зордобойт», — деп кошумчалады Абаев.

Өткөн аптада Казакстанда казак алфавитинин латын арибиндеги жаңы варианты бекитилген.

XS
SM
MD
LG