Ссылки доступа

Тажикстанда ишкер айым рейдерлик басып алууга айыпталууда


Тажикстандын Коррупция менен күрөшүү агенттиги “Азия-тур” компаниясынын башчысы Каромат Содикованы кармады. Ага карата Кылмыш кодексинин эки беренеси – алдамчылык жана документтерди бурмалоо боюнча иш козголду.

Тергөө менен байланышы бар өз булак кабарлагандай, Содикова “Лен Ху А” кытай компаниясынын башчысы жана Тажикстандагы Кытай борборунун директору Жен Ху Анын арызынын негизинде кармалган. Ал ишкерди жалган документтер аркылуу сурма чыгарган ишкананы күч менен тартып алууга айыптоодо. Кытайлык бизнесмен Гүлистон шаарынын четинде салынган ишканага 1 млн сомони инвестиция салганын билдирүүдө.

Жен Ху А эки жыл мурун бул боюнча антикоррупциялык мекемеге даттанган, бирок кысымга кабылып, Тажикстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Маалыматтарга караганда, 2016-жылы кытайлык ишкердин өнөктөшү, “Азия-тур” компаниясынын жетекчиси документтерди бурмалап, ишкананы жана башка мүлктөрдү “Ориёнбанкка” күрөөгө койгон. Жен Ху А “Азия-тур” жана банк кутумга барып, анын мүлктөрүнө ээлик кылууну пландашкан деп эсептейт. Анын айтымында, Каромат Содикова жасалма документ менен “Ориёнбанктан” 1 миллион сомони насыя алган, бирок акчаны кайтарып берген эмес. Натыйжада банк насыяны кытай ишкеринен талап кылууда.

Содикова айыптоолоду чекте кагууда. Эки жылга созулган соттук чыр-чатактын айынан компаниянын иши токтоп, 130 жумушчу ишсиз калды.

XS
SM
MD
LG