Ссылки доступа

Бардык жетекчилердин жарандыгын текшертүү сунушталды


Жогорку Кеңеш Казакстанда кармалган кыргыз депутаты тууралуу маселени талкуулап, тиешелүү мекемелердин маалыматын угушу керек. Мындай сунушун бүгүн парламенттин жалпы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев айтты.

Ал Тышкы иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилигин чакырып, Асылбек уулу Дамирбек тууралуу айтылып жаткан сөздөрдүн чын-төгүнүн сураштырууну сунуштады. Ошону менен катар ал жогорку кызматтагы башка жетекчилерди да текшертүү керек деп эсептерин айтты:

- Ар жерден суроолор түшүүдө, биз маалыматтын жоктугунан жооп бере албай жатабыз. Башка саясий жана жогорку кызматтагылар боюнча эмне кылабыз, алардын жарандыгын? Текшертейли баарын анда. Эл ызы-чуу болуп жатпайбы “мындай болсо эртең президенттикке башка мамлекеттин жараны келип калса” деп.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттын сунушуна “маалымат топтолуп жатат, каралат бул маселе” деп жооп берди.

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу 17-февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары кармалган. Ал жана Кыргызстандын дагы эки жараны эки айга камакка алынган.

Кийинчерээк Казакстандын мамлекеттик органдары Дамирбек Асылбек уулу казак жараны, улуту казак экени тууралуу маалымат тараткан.

XS
SM
MD
LG