Ссылки доступа

Тажикстанда маңзат саткан улут аралык топтун башчысы 18 жылга соттолду


Душанбенин Фирдавси райондук соту тарабынан маңзат сатуу менен алектенген улут аралык топтун лидери Мусалмон Холов 18 жылга эркинен ажыратылды. Аны менен бирге дагы үч шериги узак мөөнөттөргө соттолушту.

Өкүм 21-февралда чыккан жана азырынча күчүнө кире элек. Ошондуктан соттолгондор чечим боюнча даттана алышат.

Белгилүү болгондой, кылмыштуу топ 9 кишиден турган жана мыйзамсыз жүктөрдү Тажикстандын аймагы аркылуу Ооганстандан Орусияга алып барып сатуу менен алектенген.

​Маалыматка караганда, Мусалмон Холов шериктери менен кошо өткөн жылы августта Тажикстан менен Орусиянын күч түзүмдөрү тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция маалында кармалган. Акыркы бир нече жылдын ичинде аталган топтун мүчөлөрү Орусиянын аймагында жүздөгөн килограмм маңзат сатышкан.

Тажикстандын Маңзатын көзөмөлдөө агенттигинин маалыматы боюнча, акыркы эки жылда Орусиянын аймагында баңгизат сатуу айыбы менен 163 киши кармалса, алардын көбү Мусалмон Холов тарабынан ишке тартылган тажик улутундагылар болушкан.

XS
SM
MD
LG