Мекеменин расмий өкүлү Азамат Журтбаев Туздыбастау айылында төрт көчөдөгү 250 үйдүн жашоочусу эвакуацияланганын билдирди.
Жергиликтүү ММКлар тургундардын көбү жакындары жана туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылганын жазышты. Андан тышкары Талгар шаарындагы эки мектептин жана эки колледждин имаратында эвакуациялоо пункттары ачылган.
Департаменттин маалыматы боюнча, 27-февралда жамгырдан жана кардын эришинен улам Жамбыл облусунун Кайназар айылында 50, Баспан айылында 100 короо-жайды суу каптаган.
Алматы облусунда суу каптоо учурлары өткөн аптадан бери байкалууда. Бийлик өкүлдөрү билдиришкендей, бул суу каналдарынын тазаланбагандыгы жана кардын тездик менен эришине байланыштуу.
Өткөн жылы жазында Казакстандын бир канча аймагында ондогон калктуу конушту суу каптаган.