Ссылки доступа

Баткенде өрүк бизнеси жолун таба элек (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө

- «Достук» бекети: соодадан чыккан тыгылыш. (сүрөт баян)

- Кадр саясаты кимге көз каранды? (Директтен видео)​

- Өрүк бизнеси жолун таба элек. Баткендик багбандар кийинки жылдары өрүктү сапаттуу өстүрүү жана кургатуунун жолдорун өздөштүрө баштады. Баткен өрүгүн ири базарларга алып чыгып, дүйнөгө жайылтуу үчүн жеке ишкерлер менен айыл чарба кооперативдери аракеттенген менен жыйынтык көңүл жылытарлык эмес. (Директтен видео)

- Эдварддын балдарга арнаган дүйнөсү. Бишкекте аутист балдардын сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду. Андан түшкөн каражат аутист балдардын муктаждыктарына жумшалат. Бул иш-чара Бишкектеги өзгөчө балдардын аң-сезимин өстүрүп, коомго аралаштырууга аракеттенип жаткан англиялык сүрөтчү Эдвард Томпсондун демилгеси менен уюштурулду. (Директтен видео)

- Түрк студентинин бозо бизнеси. Түркиялык студент Тефик күндө кечинде салттуу ичимдик деп эсептелген бозону көчө кыдырып сатат. Бир чыкканда жонуна 40 литрге жакын бозону көтөрүп алып сатып келет. Муну менен бозо салган апасы экөө чакан ишкерге айланышты. (Директтен видео)

- Колдонулган «мобилдик телефондордун» коопсуз базары. (Тажикстандан видео)

- «Баасы төмөн жана сапаты жакшы». Өзбекстанга барып дарыланган кыргызстандыктар. (Кыргызстандан видео)

- Узынагашты эриген кардын суусу каптады. Аба ырайынын жылышы жана кардын тездик менен эриши Алматы облусундагы Жамбыл районунун тургундарын түйшүккө салды. (Директтен видео)​

- Закир Алматов: Президент бизге маанилүү жумуштарды тапшырды. Өзбекстандын мурдагы ички иштер министри, 68 жаштагы генерал-полковник Закир Алматов ИИМге кайтып келди. (Өзбекстандан видео)

- Айына $40 жашоо. Кыргызстанда майып баласын карап отурган апалар дал ушунча акча алышат. (Кыргызстандан видео)

- Тблисидеги хосписте балдардын «татыктуу кетишине» кандай жардам берилет? Тбилисидеги балдар хосписинин иштей баштаганына бир жылдан ашты. Анда дарыгерлер менен психологдор балдар жана ата-энелер менен иштешип, алардын андан кетүүсүнө даярданууга жардам беришет. (Настоящее время)

- Вашингтондогу Орусия элчилигинин алдындагы аянтка Немцовдун ысымы берилди. (Директтен видео)

- Түркмөнстанда эмнеге ун тартыштыгы жаралды жана эмнеге адамдар улпак алуу үчүн узун кезектерде турушат? (Настоящее время)

- Активист өзү компьютерлерди чогултуп, аны балдарга бекер берет.Алматынын Равиль Насифулин аттуу тургуну жумуштан кийинки бош убактысында компьютердин бөлүктөрү сатылган жерлерди кыдырып, балдарга бекер таратуу үчүн алардан толук кандуу компьютер курайт. (Настоящее время)

- Бакуда жер көчүп, ондогон киши турак-жайсыз калды. (Директтен видео)

- Суу ташкын мезгили. Алматы облусунун Туздыбастау айылынын чыгыш бөлүгүндө ондогон короо-жайды жана көчөлөрдү суу каптады. (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG