Ссылки доступа

Словакияда журналисттин өлүмүнөн кийин бир нече чиновник отставкага кетти


Словакияда журналист Ян Куцьяктын өлүмүнөн кийин өлкөнүн премьер-министринин жардамчысы Мария Трошкова, Коопсуздук кеңешинин катчысы Вилиам Ясань жана маалымат министри Марек Мадьярич отставкага кетти.

Ян Куцьяк "Aktuality" сайтында коррупцияга аралашып, салыктан качкандар тууралуу иликтөөлөрдү жарыялап турган. Акыркы убактарда Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору (OCCRP) менен биргеликте өлкө саясатчыларынын италиялык мафия менен ыктымал байланышы тууралуу иликтөөлөрдү жасап жүргөн. Журналисттин 9-февралда жарыяланган акыркы макаласында ишкер Мариан Кочнерге байланышкан күмөндүү каржылык иштер тууралуу жазылган.

Журналисттин сөөгү 25-февралда табылган. Анын окко учканы кабарланган. Полициядан дароо эле Куцьяктын өлүмүнө журналисттик иликтөөлөрү себеп болгон болушу мүмкүндүгүн билдиришти. «Буга чейин Словакияда журналистке мындай аёсуз чабуул болгон эмес», деди полиция өкүлү.

Бул окуяга байланыштуу өлкөнүн оппозиция өкүлдөрү мындан башка дагы отставкаларды талап кылышууда — алар ички иштер министри Роберт Калиняк менен полиция башчысы Тибор Гашпар кызматтан кетиши керектигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG