Ссылки доступа

АКШда кыргызстандыктар курал аткезчилигине айыпталып кармалганы айтылууда


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Чеченстанга мыйзамсыз курал-жарак ташууга шектүү катары АКШда кыргызстандык эки жаран кармалганы тууралуу маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Американын Виржиния штатында жашаган кыргызстандыктар Чеченстанга ташылган курал аткезчилигине айыпталып кармалганын 1-мартта wjla.com сайты жазып чыккан. Анда 28 жаштагы Тенгиз Сыдыков жана 27 жаштагы Элдар Резванов ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатуу, аткезчилик боюнча айыпталып жатканы жазылган. Алар жүздөн ашык ок атуучу куралды алып, аны лицензиясыз, жасалма документтер менен башка товар катары көрсөтүп Чеченстанга жөнөтүүгө аракеттенгени да белгиленген.

Жергиликтүү почта кызматкерлери мындай жүк дээрлик күн сайын жөнөтүлүп турганын маалымдашкан. АКШнын мыйзамдарында курал аткезчилиги үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганы айтылды.

XS
SM
MD
LG