Маалыматка караганда, ал өлкөнүн Башкы прокуратурасынын өтүнүчү боюнча кармалып, Ички иштер министрлигинин тергөө абагына жеткирилди.
Ага карата «Атайылап адам өлтүрүү», «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «Күнөөсүз адамды жоопко тартуу» беренелери боюнча айып тагылды. Буга чейин Алимов Коопсуздук кызматынын быйыл февралда жоюлган Жемкорлукка жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчи орун басары болуп иштеген.
Өзбекстандын көз карандысыз укук коргоочуларынын демилгелүү тобунун жетекчиси Сурат Икрамов Алимовдун өзбек абактарында кармалган адамдарды кыйноого алып келгендиги тууралуу маалыматтарга ээ экенин билдирди.
Айтымында, ал «атайын кызматтардын көзөмөлүндөгү ылайыксыз адамдарды жок кылуу» ишинин фигуранты болуп эсептелет.