Ссылки доступа

Тогуз-Торо: жергиликтүү эл Макмал кенине кирип барды


1-мартта Тогуз-Торо районунда жергиликтүү эл аймакта курулуп жаткан Макмал алтын кенинин базасына кирип барды. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондун акими Тилек Идирисов билдирди. Жергиликтүүлөр "Макмалда алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу токтобостон жүрүп жатат" деген жүйө менен ишканага кирип барып, дубалды уратышкан.

- Райондук маданият үйүнүн жанында 500дөн ашык киши келип, 150дөн ашыгы комбинатка барышты. Ал жерде алгач комиссиянын мүчөлөрү комбинат иштебей жатканын текшериш үчүн ичине киришкен, бирок сыртта чогулган эл “бизди да киргизгиле” деген талап менен алтын кендин коргонун уратып кирип кетиптир.

Идирисов жергиликтүүлөр комбинаттын мүлкүнө бүлүк салбаганын, болгону дубал урап түшкөнүн кошумчалады.

Тоо-кен байытуучу ишкананын курулушуна каршы чыккандар 1-февралда Тогуз-Тородо митинг өткөрүшкөн. Анын катышуучулары “фабрика ишке кирсе Чернобыл сыяктуу эле зыяндуу болорун, мал-жан ууланаарын” айтып чыгышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардын талаптары каралат деп убада берип, комбинаттын курулушу токтогонун маалымдашкан.

XS
SM
MD
LG