Ссылки доступа

Тажикстан Кытайдын жардамы менен жаңы алюминий заводун салат


Тажикстанда тажик-кытай биргелешкен алюминий ишканасы салынат. Бул тууралуу ТАЛКО компаниясынын маалымат-аналитикалык департаментинин жетекчиси Игорь Саттаров билдирди. Курулуш иштерине байланыштуу алюминий заводу эки жылга ишин токтотот.

Саттаровдун айтымында, жаңы завод салуу боюнча Тажикстан менен Кытайдын ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды.

Маалыматтарга караганда, жаңы алюминий заводунун кубаттуулугу жылына 503 миң тоннаны түзөт. Анын түзүмүнө куйма жана анод өндүрүшү дагы кирет.

Курулуштун наркы 1,6 миллиард доллар деп бааланууда. Ал болжол менен бир жыл сегиз ай аралыгында салынып бүтөт. “Тараптар канча акча салышарын айта албайм. Бул – коммерциялык сыр”, - деди Игорь Саттаров. Анын айтымында, жаңы завод курулса, 1,1 миң киши иш менен камсыздалат.

Мамлекеттик “Тажик алюминий компаниясы” (TALCO) Тажик алюминий заводунун ишин улантуучу ишкана катары 2007-жылы катталган. Завод Тажикстандагы негизги экспорттук өндүрүүчү болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG